Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кечээ, 24-март күнү аталган унаа жолдун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 4200 метр куб болгон кар көчкү жүрүп, унаа жолду жаап калган.1 бульдозер, 1 жүктөгүчтүн жардамы менен кар көчкүнүн жарымы тазаланып, унаа жол бир тараптуу ачылды.

Бүгүн, 25-март күнү да тазалоо иштери уланууда.