«Мүрзөдөн өлтүрөбүз» деп коркутууга кабылган карыя. «Окуя тууралуу укканда дарыканага барып, өлүп алганга дары сурадым» дейт шектүүнүн апасы

Жакында эле интернетте «сизди мүрзөгө алып барып өлтүрөбүз» деген коркутууга дуушар болгон карыянын видеосу тарап, талкууга түштү. Абдыжапар аттуу карыя учурда ооруканада дарыланып жатат. Окуя боюнча шектүүнүн апасы төмөнкүлөргө токтолду.

«Видеону көргөндө өлүп калайын дедим. Дарыканага барып өлүп алганга дары сурадым. Уккан кулагыма ишенген жокмун. Анан балама «андан көрө мени тирүүлөй көмүп кой» дедим. Анда уулум «Бардыгы тамаша болчу. Оюндан от чыгып кетти» деди. Карындашына келип деле кечирим сурадым. Мына азыр 4-жолу келишим», — деди апасы.