«Мышык кирип, өлүктү жесе эмне болот?» Өзгөндөгү өлүккананын кейиштүү абалы

Социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндөгү өлүкканада тартылган видео, сүрөт менен бөлүшүп жатышат.

Видеонун автору, 1 бөлмөдөн турган өлүканада шарт түгүл, терезесинин айнеги жок экенин айтып, «өлүктөргө мышык тийсе эмне болот» деп суроо салат.