«Нан менен боорсок гана». Кара-Кулжалыктардын куран окутуусунда тартылган видео талкууда

Учурда Фейсбук социалдык тармагында Кара-Кулжадагы Совет айылынын тургундары өткөргөн куран окутууда тартылган видео тарап жатат.

Анда видеонун автору куран окутууда дасторкондун үстүндө боорсок менен нан гана турарын айтат. «Конфет, печенье, кургатылган жемиш дегенден эч нерсе жок. Беш бармак же аш берилет. Эт тартылат, болду кетишет. Ушуга кандай карайсыз?» дейт автор.