«Наны жок каласың». Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол кырсыкка кабылып, жол тескөөчүнү коркуткан (видео)

Бишкекте мас айдоочу Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин коркуткан. Юнусалиев көчөсүндө мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталып, окуя болгон жерге жол тескөөчү барган. Милициянын кайгуул кызматы видео жарыялады. 

Видеодон мас абалында экени айтылган айдоочунун жол тескөөчүнү коркутуп жатканын көрүүгө болот.