Нарбүү Хамдамова: “Кызым элге шейит болуп эмес, билим менен таанылса болмок”

Чек арада каза болгон 12 жаштагы Мадинанын апасы кызын эстеп кайгырып төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кызым аябай аракетчил, күйүмдүү кыз болчу. Мектепте алдыңкы окуучулардан болуп, 1-коңгуроону да черткен. Сүрөттү жакшы тартып, кечээ жакында зомбулукка каршы көргөзмөдө 2-орунду алган. Ыр да жазып калчу, «апа» жөнүндө жаздым деп мени кубандырган. Мектепке эрте барып «классташтарым менен «физзарядка» жасайм» деп эрте барып жүрдү. Сиңдиси Нурдиананын сумкасын көтөрүп классына коюп кетчү. Көптөгөн ийгиликтери менен сүйүндүрүп жүрдү. Кызым элге шейит болуп эмес, илими-билими менен таанылса болмок” , — дейт ыйламсырап Нарбүү Хамдамова.