Нариман Түлеев: «Мамлекетке 8 батир, 2 имарат берип жатам. Дагы 5-6ны беришим мүмкүн»

Кечээ, 8-декабрда вице-мэр Таалайбек Орозов шаардык кеңештин комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык соту Түлеевдердин үй-бүлөсүнө мурда муниципалдык менчикке өтүп кеткен 7 батирди кайтарып берүү зарылдыгы боюнча чечим чыгарганын билдирген.

Бул боюнча бүгүн экс-депутат, экс-мэр Нариман Түлеев үн катып, эгер андан алынган батирлердин карапайым элге, мугалимдерге, дарыгерлерге жардамы тие турган болсо, кайтарып албастыгын айтып жазып чыкты. «Адилеттүүлүк орноду. Мен айтканымдан кайтпайм. Ленин райондук соту тарабынан акталдым. Мен 8 батир боюнча мурда эле ойлонуп, чечим чыгарып койгом. Батирлерди ипотекалык компанияга белекке өткөрүп бердим. Жөн гана бул юридикалык жактан туура болушу үчүн батирлерди биринчи ээсине өткөрүп бериши керек. Анан ал өз каалоосу менен мамлекетке берет. Мындан тышкары, мамлекетке 2 имарат берип жатам. «Сапат борборун» ӨКМге берем, ал эми Үмөталиев көчөсүндөгү имаратты Санариптик өнүктүрүү министрлигине берем. Жалпысынан 11 батир бердим. Дагы 5-6 батирди өткөрүүнү караштырып жатам», — деп жазды ал.

Февраль айында шаардын экс-мэри Нариман Түлеевге карата үч соттун тең —  Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку Соттун өкүмү жокко чыгарылганы белгилүү болгон. 2013-жылы соттун өкүмү менен Нариман Түлеев 30-берене (кылмышка шериктеш болуу), 303-берене (коррупция) боюнча күнөөлүү деп табылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында өтөөгө, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мүлкүн мамлекеттин кирешеси катары конфискациялоо жана 3 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызматты алуу укугунан ажыратылган.