Нарын жана Жалал-Абаддын милиция кызматкерлерине жаңы автоунаалар тапшырылды

Бүгүн, 28-апрелде Нарын жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине автоунааларды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып: “Өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ишине жана жарандардын коопсуздугуна ар тараптан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ИИМдин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирем. Аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, унааларды Жалал-Абад жана Нарын облустук ички иштер органдарына тапшырабыз», — деди.