Нарын медколледжинин студенти вакцинадан каза болдубу? Иммунопрофилактика борборунун жообу

Нарын медициналык колледжинин студенти коронавируска каршы эмдөөдөн каза болгон жок. Бул тууралуу журналисттерге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары ал коронавируска каршы вакцинаны алганын жана бул анын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. «Ал вакцинанын биринчи дозасын ооруканага жаткандан 8 күн мурун алган. Биз экспертизанын жыйынтыгын алдык, анын уйку безинде тромбозу бар экен, ишемиялык инсультуна да кабылган», — деди ал.