Нарын–Өрүк-Там жолуна кар көчкү түштү (видео)

Кечээ, 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы  Нарын – Өрүк-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн. Жабыркагандар жок.

«Жергиликтүү тургундар Өрүк-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат»,- деп айтылат маалыматта.