Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече көчөлөрдү, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Шаардын Ак-Коргон аймагындагы коктулардан түшүп, Чоң-Таш 1, Чоң-Таш 2, Тогуз-Булак, Жаштык, Акыйкат, Рыскулов, Чыргайлуу, Бейшеналиева көчөлөрүн каптап, айрым турак жайлардын ичине суу кирип, короолорун каптаган. Учурда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жетектеген жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барууда.