Нарын шаарында Нооруз майрамы кандай белгиленди? (сүрөттөр)

Нооруз майрамы Нарын шаарында салтанаттуу түрдө белгиленип, чоң программадагы маданий иш чара уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамдык иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, жергиликтүү тургундарды Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев куттуктады. Иш-чара жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концертти менен жыйынтыкталды.