Нарында 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашууда, облус боюнча 200 чакырым жол асфальтталат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Нарын облусуна келип, бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Сапардын алкагында Нарын районуна атайын техникалар тапшырылып, шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу боюнча маалымат берилди. Учурда облус боюнча 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашып жатат. Ошондой эле, быйыл 266 чакырым жолго асфальт төшөлүп, анын 200 чакырымы толугу менен бүткөрүлөрү белгиленди.
Иш сапарга президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да катышып, курулуштардын жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Сапар учурунда Камчыбек Ташиев Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын президенттин иш башкармасынын балансына өткөрүп, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Парк жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризмдик мүмкүнчүлүгү жогорулайт.