Нарында 20 тоокту өлтүргөн сүлөөсүн коё берилди

Нарын районундагы фермага кол салган сүлөөсүн 20 тоокту өлтүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү ЖКМлар жазышты.

Маалыматка караганда, жырткычты айыл тургундары кармап алышып, кайра коё берүү чечимин кабыл алышкан.

Сүлөөсүн 1986-жылдан тарта Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Ага мыйзамсыз аңчылык кылуунун айып пулу 50 миң сомду түзөт.