Нарында 300 окуучу манас айтты. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында окуучулар арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Республикалык сынактын алкагында Нарын шаарында 300 окуучу манас айтышты. Иш-чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышышты. «Урааным Манас» аталыштагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты улуттун улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу.
Бишкектеги №5 мектеп-гимназиясы курчоого алынды. Мектепке бомба коюлганы боюнча кабар түшкөн. Свердлов РИИБден мектептен эч кандай жарылуучу зат табылбаганын билдирди.
Баткенде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен...
22-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй...
22-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектеги Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 конуштарындагы турак жайларга, мектептерге, балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана...
Буга чейин Биринчи Май РИИБ маалымат таратып, Бишкекте үйдүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча териштирүү...