«Нарында баланы зордуктап өлтүрүү, Таласта мал базардагы жапайы жазалоо». Президенттин маалымат кызматынын башчысы бул окуялар туристтерди чочутат дейт

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарга кайрылды.

«Алдынкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Тилекке каршы, Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сыяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз барыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?!

Мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле. Ал эми кырсык кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифт менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тиешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да, Кудайга шүгүр иштеп жатышат», — деп жазды ал.