Нарында күйдүргү катталдыбы? Министрликтин жообу

Социалдык тармактарда Нарын облусунда күйдүргү (сибирь жарасы) катталганы тууралуу аудио таратылууда. Билдирүүнүн белгисиз автору мекендештерди эт азыктарын жегенди убактылуу токтотууга чакырат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалыматты четке какты. «Учурда Кыргызстанда күйдүргү оорусу катталган жок. Бул былтыркы жалган билдирүү, аны кайра кимдир бирөөлөр тарата баштады», — дейт бөлүм башчы Султан Абдыкадыров.