Нарында “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү Нарында “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фетивалы өткөрүлөт. Маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде болот. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлгүлүнөн маалымдашты.

Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш-чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулду. 28-июнь күнү эртең мененки саат 9:00дон кечки саат 22:00гө чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы “As A Nomad” этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт. Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн “Салкын-Төр” эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.