Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 21-декабрда Нарын шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушев 101 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Тукеш Токтомушев 1923-жылы Тянь-Шань районунун Калинин колхозундагы Ворошилов айылында жарык дүйнөгө келген. 17 жаш курагында (8-классты окуп жаткан кезинде) 1942-жылдын апрель-май айларында Улуу Ата мекендик согушка чакырылган. 1943-жылы согуш талаасында денесинен жаракат алып, 1944-жылы кайра чакыртылып, Ыраакы Чыгыш фронтунда кызмат өтөгөн. 1945-жылдын февраль айында ден-соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, өзү туулуп өскөн айылына келип, оорукта кызмат өтөй баштаган.

Тукеш Токтомушев Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1949-1954-жылдары Тянь-Щань облустук даярдоо конторасында жетекчилик кызматты аркалаган. 1958-1966-жылдары Жол жана транспорт министрлигинин жолдомосу менен Ак-Талаа автобазасын уюштуруп, 8 жыл жетектеген. 1966-1975-жылдары Ат-Башы автобазасында жетекчилик кызматты аркалаган. 1976-жылдан тартып Нарын облустук «НарынДанАзык» НКХП комбинатынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Байбичеси экөө үй-бүлөдө 6 уул, 2 кызга, небере-чөбөрөлөрүнө, кыбыраларына татыктуу билим-тарбия берип, эрезеге жеткиришкен.