Нарындагы шамал үйлөрдүн чатырын учурду (сүрөт)

Кечээ, 18-майда Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагында катуу шамал катталып, Ак-Кыя, Төлөк айылдарындагы үйлөрдүн чатырларын учурган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле, Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында да катуу шамал катталып, Лахол, Жер-Көчкү айылдарындагы үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ыкчам топ тартылган.