8-март күнү Нарын шаарынын Жаңы жол аймагындагы тоо кыркаларынан жаракалар кулап, жолдогу каттамга убактылуу чектөө киргизилип, жол жабылган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бүгүн, 9-мартта Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Токтогул Чекиров менен бериге аталган жолдо жаралган көйгөйдү көрүп, коопсуздандыруу үчүн керектүү иш пландарды кароону сүйлөштү. Учурда жол тазаланган, жолду ачуу маселеси талкууланууда.