«Нас почти что облаяли». Садык Шер-Нияз атайын оорукананын кардиология бөлүмүнө нааразычылыгын билдирди

Режиссёр, экс-депутат Садык Шер-Нияз социалдык тармактагы баракчасы аркылуу атайын оорукананын кардиология бөлүмүнүн адистерине нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, дырыгерлик кесиптин ээси биринчи адамдын көңүлүн дарылашы керек.

Текст өзгөртүүсүз берилди. Окуянын чоо-жайы:

 «Бексултан (Жакиев) байке бир аз ооруп атайын ооруканада экен» деп Таалай (Кулмендеев) айтканынан көрүп келели деп бутубузга бахила кийип, мурдубузга маска тагынып, 3-этаж дегенинен, этаж арасында Бексултан аганын жоруктарын айтып эшикти ачып, кардиология бөлүмүнө баш бактык. Коридордогу килемди аяр басып ар бир палатанын номурун карап баратабыз. Аңгыча эле «Силер кимсиңер! Эмне кылып жүрөсүңөр!» деген өктөм үн чыгып калды. Чынын айтайын, өктөм сүйлөгөндөрдү жактыра бербейм. Алдымда жапалдаш бойлуу чачы кыска, бети тултугураагынан келген жашы 55тердеги ак халатчан, бетине меникинен да чоң маска тагынган аял киши туруптур. Адатымча мен дагы “Эмне кыйкырасың” деп айтып жиберейин деп, «кой кантсе да оорукананын ичинде кыйкырышып жүрбөйлү» деп сылык баарлашууга үндөп, Бексултан Жакиевге жолугалы дедик эле дедим (болушунча сыпайы). «Кайсыл Бексултан!» Ушунусу такыр жакпады. Ушул жерде иштесе, болгону драматург көзгө басар баатыр аксакалыбызды “Кайсыл Бексултан!?” дегени жакпады. Аял киши экен анын үстүнө, кечээ эле 8-Март болду эле деп, андан ары да болушунча сылык болууга аракеттенип жаттым. Сөз уланбады.

Температура болуп жатат, карантин… дагы бир ушундай сөздөрү менен киргизе албайбыз дегенге чыкты. Кызык карантин болсо эмне үчүн эшик ооздон киргизишет? Ошол жерден эле карантин деп эч кимди киргизбей коюш керек да. Ошондой болгон күндө да эмне үчүн кыйкырып, өкүрүшү керек келген кишиге? Бул нерсени бери эле жерде “непрофессионализм” десе жарашат. Анткени профессионал өз кесиби врач болгондон кийин биринчи көңүлдү дарылаш керек да. Кыскасы орусча айтканда “нас почти что облаяли”. Эч нерсе дебедим акырын эле чыгып кеттик. Бир нерсе айтсаң эле айкырганга даяр турат. «Оорукананы башыбызга көтөрбөйлү теңелбейли» деп чыгып кеттик. Сырттан телефон чалып Бексултан байкеге түшүндүрүп, кире албай калганыбызга кечирим сурадык. Көрсө, температурасы деле жок экен. Акыркы жолу ченегенде 36,7 градус болгонун айтты. Элмирбекти да эстеп кеттим окшойт. Анда да «алешемдик болду» деп суроо салсам (анда депутат элем) карганып беришти эле. Баарыңарды жамандай албайм бирок кардиология бөлүмү этика жагыңарды оңдобосоңор, анда силер айыктырбай эле аңга түртө баштайт окшойсуңар. Соо адамга ошончо алкынсаңар, ооруу кишини оңдурбайсыңар го. Бексултан байке сизге батыраак сакайып кетишиңизди каалайм»,- деди ал.