Ноокатта 16 жаштагы кыз көз жарды. Шектүү сурак берип жатат

Ноокатта 16 жаштагы кыз көз жарды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

«Аталган факты милицияга катталган. Окуяны Ноокат РИИБдин тергөөчүсү тергеп жатат. Иш прокуратуранын көзөмөлүндө. Кылмышка шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, сурак берип жатат»,— дешти облустук милициядан.