Ноокатта 278 тонна таза суу таратылды

Кечээ, 3-июлга карата Ноокат районунун Кулатов, Исанов, Көк-Жар, Гүлистан, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө сел суулары каптаган турак жай жана короо жайлары толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.
Учурда Көк-Жар — Абшыр-Ата унаа жолунда райондук Жарандык коргонуу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 56 оор инженердик техника тартылып, Абшыр-Ата айылына чейинк ички чарбалык жолдор толугу менен калыбына келтирилүүдө. Жайлоого кеткен жол учурда техниканын күчү менен аскалуу таш аркылуу бекемделип, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Жергиликтүү тургундарга ЖК кызматынын жана Өрт өчүрүүчү автоунааларынын жардамында 278 тонна таза суу жеткирилип, сел алган электр мамычаларын калыбына келтирүү аркылуу 12 айылга толугу менен жарык берилип, 1 айылга мамычаларды орнотуу жана электр энергиясын тартуу аракети колго алынууда.

Мындан сырткары, Өзбекстан жана Казакстан өлкөсүнөн 100 тоннага жакын гуманитардык жардам келип, №43 токтомдун негизинде жергиликтүү райондук администрациядан түзүлгөн комиссия курамына өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүүдө.