Ноокатта сел каптоонун 3 себеби аныкталды

Кэчээ, 29-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда ӨКМ изилдөө жүргүздү.

Анда сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталды:
Аномалдуу жаан чачындын жаашы;
Узак жылдардан бери чоң көлөмдөгү сел процесси катталбагандыктан Абшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак дарактардын өсүүсү жана дарыянын жээктерин эс алуу үчүн тапчандардын баш аламан курулуусу;
Көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу.

Изилдөөнүн жыйынтыгында болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана Ноокат райондук администрациясына төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:
1. Ички чарбалык жолдорду атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү;
2. Ички чарбалык АРИС менен биргеликте 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоп түзөө, жээктерин бекемдөө;
3. Авариялык абалга келген таза суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү;
4. Сел ширендилерине каптаган турак жайларды, социалдык обьектилерди тазалоо боюнча тиешелүү иш чараларды аткаруу.

№37 Жол тейлөө мекемесине төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:
1. Тез аранын ичинде Т.Кулатов-Абшыр-Сай унаа жолундагы эрозияга учураган жана сел калдыктарга жарым жартылай толгон участкаларын атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү, чаап тазалоо;
2. Капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж унаа өтүүчү көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу кирүүчү жана чыгуучу тараптарын бекемдөө;
3. Толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен жаңыдан унаа өтүүчү көпүрө куруу;

Райондук электр тармактар ишканасына тез аранын ичинде сел агызып кеткен электр мамыларын калыбына келтирүү. Кызыл-Кия көмүр ачык акционердик коомуна Абшыр-Сай дарысына курулган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор (техникалык чечимдин) негизинде сел өткөрмө (селепропускник) куруу иш чараларды аткаруу иштери сунушталды.