Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 252 адам тартылды

Бүгүн, 1-июль күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагына издөө-куткаруу ишине 85 куткаруучу чыкты.

85 куткаруучу Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Ата сел сайында издөө ишин жүргүзүп башташты. Аталган айыл аймакка 67 куткаруучу тарабынан сел суусу кирген жалпы 20 турак үйдү тазалоо башталды. Жалпы 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнь күнү 8 турак үй тазаланган. Жеринде ӨКМдин 16 атайы инженердик техникасы иштеп жатат. Жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылды. Ошондой эле Жарандык коргоо кызматтары жеринде иш алып барууда.