Ноокаттагы мектептин муздак болуп жатканы боюнча министрлик маалымат берди

Ноокаттагы мектептин муздак болуп жатканы боюнча Билим берүү министрлиги маалымат берди.

Маалыматка караганда, 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 8:00дөн саат 10:00гө чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ошол учурда мектептин буу казанындагы сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калган. Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кетет. Бул мезгилде класстарда температура нормага жетпей жаткан.

«Жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ маркадагы 90 тонна көмүр айыл өкмөтү тарабынан түшүрүлгөн. Акыркы 2 күндөн бери башка БК маркадагы көмүр айыл өкмөтү тарабынан алып келинди. Учурда окуу кааналарында температура 17,18 градусту түзөт. Мындан сырткары окуу кааналарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок», — дешти.

Буга чейин ата-энелер Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектебинин жылытуусу начар болуп жатканын, түшүрүлгөн көмүр жакшы күйбөй жатканын айтып чыгышкан.