Ноокаттагы сел: Каза болгондордун саны 8 кишиге жетти

Абшыр-Ата айылындагы селден дагы 1 аялдын сөөгү табылды (аты-жөнү такталууда). Жалпысынан сел кырсыгынан 8 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Буга чейин Ош облустук милициясынан каза болгондордун саны 7 адамга жеткенин маалымдашкан.