Ноокаттагы селден табылган эки жансыз дене экөө тең эркек балага таандык экендиги маалымдалды

Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында сел суусуна агып кеткен 2 эркек баланын (туулган жылы жана аты жөнү такталууда) сөөгүн 29-июнда куткаруучулар таап, ИИБ кызматкерлерине өткөрүшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Алдын ала маалымат боюнча кечээ 6 адам агып кеткен. 28-июнда 4 адамдын, бүгүн, 29-июнда 2 баланын сөөгү табылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.