Ноокендеги мейманканада балдарын чыбык менен сабаган аял. Териштирүү башталды

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ноокендеги мейманканада балдарын чыбык менен сабаган аялдын видеосун бөлүшүшкөн.

Видеонун автору «Тамак ичип отурсам аял балдарын аябай сабады» деген жазуу калтырган.

Жалал-Абад облустук милициясы маалымат таратып, аталган факты боюнча Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. «Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз»,- дешти.