Нооруз: «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык атмосфера (сүрөттөр)

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады.

Учурда ырчылар ырдап, бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Ал эми шаар тургундарына жана конокторго сүмөлөк таратылды.