Нооруз Бишкекте тынч өтүп, Ошто шаан-шөкөт менен белгиленди

Нооруз Бишкекте тынч өтүп, Ошто шаан-шөкөт менен белгиленди. Буга чейин борбордук калаада Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөй турганын мэриядан билдиришкен эле. Мындай чечим өлкөдөгү туруксуз эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен менен кабыл алынган. Былтыр да борбордук калаада Нооруз майрамы коронавируска байланыштуу салтанаттуу түрдө белгиленген эмес.


Бул аралыкта Ош шаарында Нооруз шаан-шөкөт менен белгиленди. Саамалык концерттик программалар, аш фестивалы, көркөм кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси жана башка иш-чаралардын коштоосунда өттү.