Нооруз жоюлабы? Юстиция министрлигинин жообу

Нооруз жоюлбайт. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Буга чейин парламенттин комитеттеринин биринде Нооруз майрамын жоюу боюнча маселе жаралган. 1991-жылдын 5-февралында Ноорузду элдик майрам күнү катары белгилөө мыйзамы кабыл алынган. Кийин Эмгек кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, бүгүн ал беренеде «элдик, майрам күнү, эс алуу күнү» деп белгиленген. Министрдин орун басарынын айтымында, кодекс менен мыйзамды салыштырса, анда мыйзам кодекстен ылдый турат. «Демек, Эмгек кодексиндеги майрам күчүн жоготкон эмес, жоюлган эмес. ЖМКлардын маалыматты башка багытта берип койгону туура эмес», — деди Орозбек Сыдыков.