Нөшөрлүү жамгырдан Боомдо жана бир катар аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо кооптуулугу жогорулашы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдоосуна ылайык унаа жолдорго сел жүрүү, таш кулоо тилкелери айрыкча
— Бишкек-Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында,
— Боом капчыгайындагы Бишкек-Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында,
— Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында,
— Талды-Суу – Аралдын 4-5-чакырымында,
— Мырза-Аке – Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында,
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында,

— Ош-Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымындарында сел жүрүү, таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.