Ноябрдын башында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

Ноябрдын башында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп, жумуш эмес күн катары белгиленген. 9-10-ноябрь — ишемби жана жекшемби.