Депутат: «Мойнуңду жулуп коём же колуңду сындырып коём деген сөз үчүн жоопко тарткан туурабы?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ИИМдин өкүлүнө суроо салды.

«Кыргызда жакшы сөз бар, жалган жалаадан, курулай дооматтан сакта деген. Азыр мен билбейм, сиздер кармаганда жүйө бар, негиз бар деп жатасыздар. Бизде факты жана далил бар деп жатасыздар. Абайлаңыздар, азыркы мамлекет башчыларга да ушундай кинелер коюлган. Бул кайтар дүнүйө. Мен юристмин, ошондуктан милиция да, сот да болгон жокмун, прокуратурага да барган жокмун. Ушулардын арасында ызы-чуудан башы чыкпай жүргөндөр да көп, бирок арасында биринчи жолу аралашып жаткандар бар экен. Далилин таптыңарбы же көпчүлүк менен камап койдуңарбы?» — деди ал.

ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев далилдер бар үчүн камакка алынганын билдирди.

«Сөздөрдү да экспертиза кылдырыш керек. Кыргыздар ачуусу келгенде «өлтүрүп коём, мойнуңду жулуп коём же колуңду сындырып коём дейт. Ошол сөз үчүн жоопко тартып койгон туурабы?» — деди депутат.

«Берененин аталышы «массалык башаламандык уюштурууга даярдануу». Бизде сөз үчүн эле камап жаткан жокпуз. Анализ кылып камап жатабыз да», — деди Аширходжаев.