Оозун тигип алган шектүүнүн окуясынан кийин СИЗО-1 мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Нурдин Турусбеков СИЗО-1 мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды Бул маалыматты АКИpress агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, бүгүн, 13-мартта билдирди.

Ал буга чейин Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү абагын жетектеп келген.

Ал эми СИЗО-1 мекемесинин башчысы болуп келген Марс Жусупбеков №19 абакты жетектейт.

Эске салсак кечээ, 12-мартта коомчулукта Бишкектеги СИЗО-1де отурган 3 жаран оозун тигип алды деген маалымат тараган. Окуяны тактоо максатында СЕРЕП МЕДИА агенттиги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен байланышкан. Бирок ЖАМК оозун өзүнө карата чыккан соттук чечимге макул болбогон бир гана киши тиккенин билдирген эле.