Нуржан Тентимишова: «УКМКнын төрагасы контрабанданы жапканы үчүн 35тен ашуун тегирмен иштеп жатат»

Маркум саясатчы Чыныбай Турсунбековдун жубайы, “Акун” компаниясынын жетекчиси Нуржан Тентимишова учурда өлкөдө 35тен ашык тегирмен иштеп жатканын айтты.

Биздин мамлекеттин өнүгүшү үчүн  экономикабыз көтөрүлүшү керек. Төрт жылдан бери көп өзгөрүүлөр болуп, канча деген нерсе ачылып, курулуштар болуп жатат. Тасмада айтылгандай, 2020-жылы 9 эле тегирмен бар болчу. Азыр 35тен ашуун тегирмен иштеп жатат. Себеби эмнеде? Контрабанда деген проблема бар эле. 2020-жылдан кийин ошол контрабандага бөгөт койгон адам пайда болду. Ал УКМКнын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев. Ал контрабанданы жапканы үчүн Кыргызстанда 35тен ашуун тегирмен иштеп жатат. Алардын бюджетке кошкон салымы көп болуп, анда канча деген адамдар иштөөдө. Тасмада көрсөтүлгөндөй, «Капитал банк» жөнүндө сөз болду. 1-2 жума мурда банктын акцияларын мамлекетке өткөрүп бердик. Мунун баары эмнеге жасалды? Өлкөбүз өнүгүп өссүн деп, бул да биздин компаниянын, биздин үй-бүлөнүн өлкөнүн өсүшүнө кошкон салымыбыз деп эсептейм», — деди ал.