Нурланбек Шакиев: «Аты-жөндү нукура атоо — бул өзүбүздүн өзөгүбүзгө кайтуу»

Аты-жөндү нукура атоо — бул өзүбүздүн өзөгүбүзгө кайтуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Бүгүн биз депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев менен бирге демилгелеген фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште биринчи окууда карадык. Бул мыйзам биздин тегибизди таап, өзүбүздүн ким экендигибизди эске салган маанилүү документ болмокчу. Кыргыздарда «Сен кимдин уулусуң?» деген суроо бекеринен берилбейт. Бул салт, биринчиден, адамдын ата-бабасын урматтоо жана алардын түптөлгөн тамырын таануу үчүн маанилүү. Экинчиден, бул кыргыз элинин руханий жана маданий өзөгүн түзгөн чоң салттардын бири.

Жети атасын билүү — бул жөн гана салт эмес, бул элдин өзүнүн нарк-насилин, таза кандуулугун сактоо үчүн иштелип чыккан терең философия. Миңдеген жылдар бою кыргыздар ата тегин жакшы билген. Билбегендерди кул катары санашкан. Ошону үчүн “Жети атасын билбеген жетесиз кул” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ата-бабаларын таануу аркылуу эл ичиндеги тууганчылык байланыштарды да сактап келишкен.

Кыргыздын таза кандуулугунун жана генетикалык туруктуулугунун сыры — тууганчылыктын чегин сактап, ата-тегин билүү менен байланыштуу. Ошол себептен, жети атасын билүү менен туугандар арасында нике кылбоо эрежеси калыптанган. Бүгүнкү күндө бул салтты унутуп бараткандай көрүнгөнүбүз кооптондурат. Айрыкча жаштар жети атасын билбей калган учурлар бар. Бул жоготуунун алдын алуу үчүн азыркы мыйзамдын кабыл алынышы өтө туура кадам. Мыйзам кыргыз элинин тарыхый жана маданий баалуулуктарын кайра жандандырып, келечек муунга туура багыт берет деп ишенем. Кошумчалай кетсем, атын-жөндү нукура атоо мажбурлоо эмес, бул — ар бир жарандын тандоосундагы иш»,- деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2025-жылы фамилиясын алмаштыра турганын билдирген. «Жаңы жылдан баштап Нурлан Тургунбекович болбойм, мен Нурлан Тургунбек уулу болом»,- деди ал.