Нурланбек Шакиев: «Информатикадан берген мугалимге окуучулар компьютер үйрөткөн учурлар бар»

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынына катышты.

«Мамлекет билим берүү тармагына жакшы көңүл буруп жатат. Эң биринчи кезекте билимдүү улут, билимдүү эл болмоюн күчтүү өлкө болбойт. Азыр мектептерде 25 сабак эскиче өтүлүүдө. Ал эми ЖОЖдордогу абал андан да жаман. Биз предметтерди кыскартып, кереги жогун алып салышыбыз керек. Информатика деген сабак эң маанилүү болушу шарт. Аны мектепте ким окутат? Эзели компьютер билбеген математик же физик мугалим өтөт. Ошол мугалимге үйрөткөн окуучулар да бар. Бирок кагазда иш жакшы өтүп жатат»,— деди ал.