Нурланбек Шакиев: «Карылар үйүндө калган карыялардын көбөйүп бара жаткандыгы өкүндүрөт»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев карыяларды 1-октябрь – Карылар күнү менен куттуктады.

«Тилекке каршы соңку жылдары уул-кызы бар туруп, карылар үйүндө калган карыялардын көбөйүп бара жаткандыгы өкүндүрөт. Аштык таппай, бир күкүм нанга зар болгон кыйынчылык учурда да ата-энесин таштабаган элдин урпактары үчүн мындан өткөн уят иш жок. Ата-энебизди карыганда кадырласак, өзүбүз улгайганда да уул-кызыбыздан ошондой урмат-сый көрөрүбүздү унутпашыбыз керек. Карыбызга карабасак, кийин балдарыбыз да кайрымсыз болору анык.

Карыяларга кам көрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз чындык. Алсак, президентибиздин жеке тапшырмасы менен бүгүнтөн тарта пенсиянын көлөмү дагы көбөйтүлүп, карыларга кам көрүү жигердүү улантылууда. Ал эми Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын алкагында улгайган жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып, бардык сунуш-демилгелерди колдоп келет. Бул албетте чек эмес. Азыркы жаркын жашообуз үчүн жаш кезинде каруусун казык, жанын азык кылган ата-энелерибиз чексиз камкордукка татыктуу», — деп жазылат куттуктоодо.