Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы № 48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды. Ал Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө бөбөктөр менен жолугуп жатканына кубанганын айтып, жамаатты жана балдарды майрамы менен куттуктады.
«Жаңы жылдын алдында билим берүү мекемесинин атынан кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып келдик. Бул жерде тарбияланып жаткан балдарга кам көрүү баарыбыздын милдетибиз. Бүгүнкү берилген белек, келечекке жасалган инвестиция экени талашсыз чындык», — деди Шакиев.
Төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.
Балдардын өтүнүчүн аткарууну ниет кылып, жаңы жылдын алгачкы күндөрү иштин башын балдардын көңүлү, кубанычы менен баштоону чечкен спикер Нурланбек Шакиевдин иштерине ийгилик. Наристенин аруу таза сезимин бийик коюп, жасаган аракетиңиз бийиктик. Ылайым ушул балдар жана бүткүл балдар түбөлүккө бактылуу болушуп, кубанычтуу жашоодо жашасын. Балдардын аруу сезимин баалаган журт жетекчилеринин катары көбөйсүн! Элдин сүйүктүү депутаты Нурланбек Шакиевдин алып келген компьютерлери окутуп-тарбиялоо процессинде көп кызмат кылып, балдардын билимин өнүктүрүү иштерине чоң салым кошкон болсун!
Балдар биздин келечегибиз, андыктан аларга азыр кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз! Спикер Нурланбек Шакиевдин бул кадамынан, анын эртеңкиге кайдыгер эмес патриот инсандарыбыздын катарын толуктаарына ынанам. Бүгүнкүнүн бүтпөгөн маселелери менен болуп, келечек ээлери болгон балдардын алдындагы милдетибиз унутта калбоосу керек. Бактылуу балалыкка кубаныч тартуулаган, биз сыймыктанган эл депутаты Нурланбек Шакиевдин иштеринде ийгиликтер болсун.