«Нью-Йоркто шопинг кылып жүргөндөр болду». УТКРнын түз эфиринде «чоңдорду» сындаган алып баруучулар талкуу жаратты

УТРКнын түз эфирине эки алып баруучу саясатчы, депутат, чоң кызматта отургандарды сындашты. Улуттук телеберүү корпорациясында мындай чындык айтылып жатканы көпчүлүктү таң калтырды.

«Азыр улуу Кыргыз эли тууралуу маалымат айталы. Спорт ордосуна барып, гумжардам тапшырып, Кыргызстандын гимнин ырдагандар болду. Ал эми айрым саясатчы, аткаминерлер гимн дагы билишпейт. Алыстан келип, кан тапшыргандар болду. Айрымдар кан алчуларды жумушуна чакырышты. Анткени алар жалкоолонду. Айрымдар акыркы акчасын беришти, ал эми айрымдар Нью-Йоркто шопинг кылып жүрүштү», — дешти алып баруучулар.