ӨКМ эскертет: Балдарды терезеден кулап кетүүсүнөн сактаңыз!

ӨКМ балдарды терезеден кулап кетүүсүнөн сактоо керектигин эскертти.

Урматтуу ата-энелер, балаңыздын терезеден кулап кетүүсүнөн сак болуп, алдын алуудагы жөнөкөй эрежелерди сактаңыз!

терезеге талапка ылайык келген темир торду орнотуу. Терезе менен тордун ортосунда 10 сантиметр аралык сакталып, баланын башы батпай тургандай болушу шарт жана өрт кырсыгы катталган учурда оңой ачылуусун камсыздаңыз;

балдар үй ичинен терезени оңой ачып албашы үчүн атайылап бекемдөө;

балдар үйдө болгон учурда эч качан терезени ачык калтырбоо;

эмеректерди терезеден алыс жайгаштыруу;

балдарга чоңдорсуз балконго чыкпоону түшүндүрүү;

терезенин үй ичинен ачыларын жана темир торду ачса болорун көрсөтпөө жана үйрөтпөө;

балдарга ар дайым коопсуздук чараларын үйрөтүү жана түшүндүрүү;

эч качан баланы уктап жаткан маалда жалгыз калтырбоо, анткени ойгонгондо терезеден чыгууга аракет кылышы мүмкүн;

баланы эч качан терезе текчеге (подоконник) отургузбаңыз, ар дайым колунан кармаңыз.