ӨКМ Жумгалдагы көмүр казган жерде жүргөн жер көчкү боюнча маалымат берди

ӨКМ социалдык тармактарда тарап жаткан Жумгалдагы жер көчкү тууралуу маалымат берди.

Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы Как тилкесинде «Минерал Прайм» ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү жүргөн. Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 миллион кубга жеткен.

ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келбегенин такташты.

Аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду”,- деп айтылат маалыматта.