ӨКМ Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берип, кийин айып пул да салынгандыгын маалымдады.
«Өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында текшерүү актынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген. Эскертме толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде, 23000 сом административдик айып салынган», — деп билдиришти ӨКМден.
ӨКМдин текшерүүсүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.