ӨКМ: «Кыргызстанда 11-январдан тарта аномалдык суук болушу күтүлүүдө»

Кыргызстанда 11-январдан тарта аномалдык суук болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Өлкө синоптиктеринин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз», — дешти.