ӨКМ: «Кыргызстанда күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды»

Кыргызстанда очогундагы күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала берген маалымат боюнча, саат 13:57де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4,2 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.