ӨКМ: «Кыргызстандан Түркияга барган куткаруучулар 24 саат бою иштеп жатышат»

Түркия мамлекетине Кыргызстандан барган куткаруучулар тынымсыз иштеп жаткандыгын подполковник Ырысбек Жолдошбаевге шилтеме берип, ӨКМ маалымдады.

Анын айтымында, учурда куткаруучулар 3 нөөмөт менен 24 саат бою иштешүүдө. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен барган психологдор, врачтар жакындары каза болгон жарандарга психологиялык, медициналык жардамдарын көрсөтүүдө.

Түркия мамлекетинде ӨКМдин куткаруучулары издеп-куткаруу иштеринин натыйжасында жергиликтүү убакыт менен саат 9:50гө 22 адамдын сөөгүн чыгарышкан.