ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскердин сабалышы. Кылмыш иш токтотулду

ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскердин сабалышы боюнча кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-августта бул кылмышка айыпталган Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши тараптардын жарашып, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруусуна байланыштуу токтотулган.

Т.Жаныбек уулу анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Мындан тышкары, сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы бул кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранып, ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун түшүндүргөн. Буга байланыштуу соттун чечими менен козголгон кылмыш иши токтотулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалганы маалым болгон. Туугандарынын айтымында, Бекзат туугандарынан бирдик салууну дайыма суранып, 8 ай ичинде алар 35 миң сом беришкен, прапорщик бул акчаны мобилдик тиркемелер аркылуу накталай кылып алып турган. Ошол түнү да акча талап кылган, бирок түн болгондуктан бала туугандарына чала албай, ур-токмокко чыдап жата берген. 1-июнь күнү пневмония менен ооруп калганын, фельдшердик бөлүмгө которулганын айтышкан. Окуя боюнча ӨКМден үн катышып, ички иликтөө жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөнүн билдиришкен.